7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,69
USD 0,00%
102,57
EUR +0,14%
1,14
RUB +0,48%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
18°C

Жалал-Абад шаардык мэриясындагы жаңы дайындоолор

218

Руслан Алтымышев Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, буга чейин бул кызматты Нуртилек Орозбаев ээлеп келген. Бирок ал шаардык кеңештин депутаттыгына ат салышып жаткандыктан, өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Ал эми Гүлбарчын Таштанбекова социалдык маселелер боюнча вице-мэр болуп дайындалды. Ал буга чейин бир нече банктарда юрист болуп эмгектенген.

Белгилей кетсек, Руслан Алтымышев 2017-жылдын декабрь айынан бери мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары болуп иштеген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

219