26-апрелге карата өлкөдө 199 адамдан коронавирус аныкталып, Бишкек шаарында 1, Нарын облусунда 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт.
Маалыматка ылайык,
- Бишкекте – 138,
- Ош шаарында – 9,
- Чүй облусунда – 29,
- Ош облусунда – 2,
- Талас облусунда – 6,
- Ысык-Көл облусунда – 11,
- Нарын облусунда – 1,
- Жалал-Абад облусунда 3 адамдан илдет табылган.
Акыркы суткада 146 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 449 бейтап, амбулатордук түрдө 1 801 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1029 бейтаптын абалы орто оордукта, 345 адамдын абалы оор жана 62 бейтап өтө оор абалда жатат.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 405 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 317 медкызматкер айыгып чыкты.