7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте эки күн таза суу жок болот

512

7-8-октябрда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

7-октябрда 9:00дөн 21:00гө чейин Фрунзе көчөсү, Манас жана Жибек Жолу проспектилери, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрү менен чектешкен аймактарда муздак суу өчүрүлөт.
8-октябрда 9:00дөн 00:00гө чейин Лев Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромский, Циалковский, Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Торугарт көчөлөрүндө, Жумушчулар шаарчасы, Дыйканчылык институту, Ак-Өргө, Ак-Ордо (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана Теңир-Тоо конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) таза суу өчүрүлөт.
Ичүүчү суу турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо жайларында, социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объектилеринде жок болот.
Бул күндөрү «Гагарин» жана «Түштүк-батыш» суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери өткөрүлөт.
513