7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте экологиялык эрежелерди бузгандарга айып салынды

306

Бишкекте экологиялык эрежелерди бузгандарга 228 миң сом айып салынды.

Мэриядан билдиришкендей, муниципалдык инспекция борбор калаадагы күнүмдүк рейддердин жүрүшүндө экологияны бузгандарды аныктоону улантууда.

Январь айында атмосфералык абаны коргоо боюнча жалпысынан 16 иш-чара өткөрүлүп, 117 чарба жүргүзүүчү субъект, мончолор, сауна, анын ичинде техникалык тейлөө станциялары текшерилди.

Рейддин жүрүшүндө, иштетилген автоунаа майын, өндүрүштүк (ЛДСП), тигүү жана турмуштук калдыктарды өрттөө фактылары катталган.

Мунун негизинде жеке жана юридикалык жактарга карата жалпы суммасы 228 миң сомго 18 протокол түзүлдү.

Ошондой эле профилактикалык иш жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө көмүр менен отунду пайдалануу эрежелерин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелеринде тигүү өнөр жайынын пластмассадан, каучуктан, оргстектен жасалган буюмдарын, желим, лак-боёк материалдарын жана башкаларды өрттөөгө тыюу салынгандыгы жазылган.

«Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиз мындай мыйзам бузууларга күбө болсоңуз, сураныч, фото жана видео материалдарды Муниципалдык инспекциянын номерине жөнөтүңүз: 0990 75 73 71 (WhatsApp)»,-деп айтылат маалыматта.

307