7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте эски автотранспортторду сатуу боюнча аукцион өтөт

488

Бишкекте колдонуудан чыккан автотранспорт каражаттарын сатуу боюнча аукцион болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

“Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департамент Садыр Жапаровдун дагы келе турган автобустарды жайгаштыруу үчүн эскилиги жеткен автотранспорт каражаттарын утилизациялоо жөнүндөгү тапшырмасын аткаруу максатында, 27-ноябрда “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын жана Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо башкармалыгынын автобазасынын балансындагы эскилиги жеткен 165 даана автотранспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион жарыялайт” – деп айтылат маалыматта.

Ачык аукционго катышуу укугун алуу үчүн арыз ээси Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине төмөндөгү документтерди тапшыруусу зарыл:

— ЛОТтун номерин көрсөтүү менен ачык аукционго катышуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;

— жеке арыз ээсинин инсандыгын ырастоочу документ;

— арыз берүүчү юридикалык жактын жетекчиси экендигин ырастоочу документ же жеке адамдын же юридикалык жактын-арыз берүүчүнүн атынан иш алып баруу укугуна ишеним кат;

— кепилдик төлөмдүн (депозиттин) төлөнгөндүгүн тастыктаган төлөм документтери.

Арыздар 13-ноябрга чейин Бишкектеги Чокморов көчөсү 246 дареги боюнча кабыл алынат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

489