7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте этти кымбат саткан ишкерге айып салынды

423

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкекте жеке ишкер этти өкмөт бекиткен баадан кымбат сатканы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Бааларды  түзүүнүн жана колдонуунун белгиленген тартибин бузуу” беренеси менен 13 миң сом административдик айып салды.

Аталган кызмат 13-августта Бишкек, Ош шаарларында жана облус, райондордо эттин баасын бекиткен.

Бишкекте 1 кг уйдун эти 680 сомдон, койдун эти 670 сомдон кымбат болбошу керек. Ош шаарында уй жана койдун эти 680 сомдон ашпашы зарыл.  Калган аймактарда эт 620-690 сомго чейин деп белгиленди.

Өлкөдө баанын негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында 11-августтан тарта эттин баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилген.

21-авшустта Министрлер кабинети бодо малды жана майда жандыктарды Кыргызстандан сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салган.

 

424