7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Финпол тарабынан жашыруун цех иштеткен чет өлкөлүктөр аныкталды

494

Бишкекте биологиялык активдүү кошулманын (БАД) түрлөрүн жашыруун даярдап сатуу менен алектенген чет өлкөлүк эки жаран аныкталды. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматты маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алар “Сейдене майы”, “Зайтун майы”, «Омега 3-6-9» деген каражаттарды колго жасоочу жашыруун цех ачып алышкан деп айыпталууда.

Санитардык талаптар сакталбаган шартта, тийиштүү уруксат документи жок иштеп жаткан цехтин ээлери боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин “мыйзамсыз ишкерлик” деген беренесинин негизинде катталды.

Финпол колго жасалган мындай продукция экономикага гана зыян келтирбестен адамдын ден соолугуна да залакасын тийгизерин эскертүүдө.

Биологиялык активдүү кошулмалар расмий медициналык каражат болуп эсептелбейт.

Былтыр декабрда парламентте экономикалык мунапыс маселеси талкууланып жатканда Кыргызстанда көмүскө экономиканын деңгээли 30% тегерегинде болуп жатканы айтылган

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

495