7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте “гашиш” баңгизатын сатууга шектелген жаран кармалды

545

Милицияга Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактарында баңгизаттарды таратуу менен алектенип жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.  Алынган маалымат Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан баңгизат саткан адамды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн каттоодон өткөн.

25-июлда болжол менен саат 22:30да милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын аймагында “Ауди 80” үлгүсүндөгү унаа башкарып бара жаткан 1992-жылы туулган Б. уулу О. шектүү катары кармалган.

Унааны тинтүү учурунда айдоочунун отургучунун астынан баштыкка оролгон тик бурчтуу формадагы таңгак табылып, анын ичинен жалпы салмагы 665 граммды түзгөн кара куурайдай өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, Б. уулу О. шектүүгө таандык унаада табылган заттар “гашиш” баңгизаты болуп аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү  убактылуу кармоо жайга киргизилди.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

546