7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
20°C

Жалал-Абадда Пушкин көчөсүнө 70 млн сомго жаңыдан асфальт төшөлдү

389
Жалал-Абад шаарында узундугу дээрлик эки чакырым, кеңдиги 20 метрди түзгөн Пушкин көчөсүнө жаңыдан асфальт төшөлүп, бүгүн, 9-август күнү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жолдун ачылуу аземине Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, калаа тургундары катышты.  Аталган көчө Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен каржыланып, 70 млн. сом акча каражат жумшалды.
 Кошумчалай кетсек, Пушкин көчөсү – Жалал-Абад шаарынын негизги жолдорунун бири. Аталган көчө 2018-2019-жылдары кеңейтилип, бирок кеңейтилген бөлүгүнө гана убактылуу асфальт басылган болчу.
 2023-жылы Жалал-Абад шаарында жалпы 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

390