7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте “Йакын-инкар” диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды

351

Бишкекте “Йакын-инкар” диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин районунда КР аймагында тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний уюмуна ишенип, эл арасында үгүт жүргүзүп жатышкандары тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт боюнча Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын ИИББнын ЭММКАКнын жана Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан тинтүү иштери жүргүзүлүп, экстремисттик мүнөздөгү баракчалар табылып, ошондо эле, эл арасында диний абалды ишендирүү аркылуу иштерин жүргүзүп жатышкан жарандар аныкталып, 1981-жылы туулган Б.С.Б., 1995-жылы туулган Б.М.К., 1988-жылы туулган С.Ч.И., 1982-жылы туулган Ж.Р.Т., жана 1988-жылы туулган М.Р.Т. аттуу шектүүлөр Тергөө кызматына жеткирилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

352