7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте кеңседеги жаранды тапанча менен коркутуп, 425 миң сомун алып кетишкен

652

Бишкекте кеңседеги адамды тапанча менен коркутуп, 425 миң сомун алып кеткен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 3-декабрында милицияга С.А. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 19:05 чамасында Ж.Абдрахманов көчөсүндөгү кызматтык жайга кирип, белгисиз маркадагы тапанча менен коркутуп, кассадагы 425 миң 390 сом акча уурдап кетишкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (Каракчылык) ылайык кылмыш иши козголду.

Ыкчам-иликтөө жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр кармалып, тергөө кызматына жеткирилишкен. Алар 1996-жылы туулган Н.К., уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган жана 2001-1992-жылы туулган жарандар аныкталган. Буга чейин ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолушкан.

Шектүүлөр Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда иликтөө иштери уланууда.

 

653