7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте КИТ-2025 форуму башталды

275

Бүгүн Бишкекте КИТ-2025 маалымат технологиялар форуму башталды. Бул IT жана санариптик инновациялар тармагындагы ири иш-чаралардын бири.

Форумга санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов, эл аралык эксперттер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана IT-адистер катышууда.

Форум Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу жана эл аралык инвесторлордун көңүлүн өлкөнүн потенциалына буруу максатын көздөйт.

Белгилей кетсек, форумдун катышуучуларына кызыктуу панелдик талкуулар, интерактивдүү мастер-класстар, ошондой эле натыйжалуу нетворкинг түзүү үчүн мүмкүнчүлүктөр күтөт.

KИT форуму IT тармагынын негизги жылдык иш-чарасы болуп саналат. Ал Кыргызстанда 2010-жылдан бери өткөрүлүп келет жана дүйнөнүн бардык бурчунан алдынкы эксперттерди, компания жетекчилерин, иштеп чыгуучуларды жана студенттерди бириктирет.

276