7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте коомдук фонддун өкүлү баңгизат менен кармалды

541

Бишкекте коомдук фонддун өкүлү баңгизат тараткандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

Бул жаран узак убакыт бою баңгизаттарды таратуу менен алектенип келген жана Токтогул районунан Чүй облусуна баңгизаттарды ташып келүүнү жөнгө салып турган.

Бишкек шаарынын аймагында 1990-жылы туулган А.Д. аттуу жаран кармалды. Ал бир коомдук фондунун Бишкек шаарынын Биринчи Май району боюнча кураторунун орун басары болуп иштеген, анын чөнтөгүнөн өзгөчө жыты бар зат табылган.

Соттук-химиялык экспертизасынын корутундусуна ылайык, алынган заттар кара куурай чайыры (гашиш) экендиги аныкталып, салмагы 23,81 граммды түзгөн.

Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

 

542