7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте коомдук транспорттун контролеруна кол салуу болду

479
Бүгүн, 28-мартта эртең менен коомдук транспортту кезектеги текшерүү учурунда №169 автобустук каттамдын жүргүнчүлөрүнүн бири агрессия көрсөтүп, контролерго оозго алгыс сөздөрдү айта баштаган. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, жүргүнчү жол кире акысы тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан. Кырдаал сүйлөшүүнүн чегинен чыгып, коомдук транспорттун кызматкерине кол көтөрүүгө жеткен. Жүргүнчү контролерду бетке бир нече жолу уруп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Кол салуунун натыйжасында коомдук транспорттун кызматкери бетинен жаракат алган. Учурда алган жаракаттарынын оордугу медициналык текшерүүлөр аркылуу аныкталып жатат.
«Тулпар» компаниясынын өкүлүнүн айтымында, укук коргоо органдары кол көтөргөн жаранды издөө жана кармоо боюнча активдүү иш-аракеттерди баштады.
480