Бүгүн, 17-июнь Бишкек шаарынын баардык райондору «Кызыл аймакка» киргендиги жарыяланды. Мындан улам Республикалык коронавируска каршы күрөшүү штабы бир катар чектөөлөрдү киргизди.
Борбор калаада, коомдук транспортту дезинфекциялоо , маска режимин көзөмөлдөө күчөтүлүүдө. Ошону менен бирге, Республикалык штаб, шаар тургундарын сырткы каттамдарды убактылуу токтото турууга чакырды.
«Илдеттин жайылуусуна жол бербөө максатында, Ош-Бишкек каттамына чыкпай туруңуздар», -деп жазылат.
Эске салсак, акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча 787 жарандан коронавирус табылса, анын 368и Бишкек шаарында. Бул түнгө карай Бишкек шаарынан эле 4 жаран каза болгон.