7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Фейктерге ызааланган депутаттар мыйзам кабыл алып, тизгиндейли дешет

766

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары, фейк аккаунттарды тизгиндөө маселесин көтөрүп чыкты. Бир нече депутат, алдыда шайлоо келе жатканын эскертип, атандашууда бирин-бири жашырынып алып каралоо чектен чыгып жаткандыгын айтышты.

Депутат, Шайлообек Атазов, «ит күлүгүн түлкү сүйбөйт» болуп, шайлоо башталып калдыбы деп суроо салды?

«Мынал жерде Кумтөрдү жеген, ТЕЦти жеген, жолдорду жеген саясатчылар миндеген фейкттер менен олтуруп алып, кээ бир депуттатарды, өлкө башчыларын жамандап отурасыңар. Фейктин дагы чеги болуш керек да. Депутаттардын эле эмес, адамдын укугу, ар намысы корголуш керек»-дейт үнү каргылданып, ызаасына буулуккан депутат.

Ушул эле фейк темасын, депутат Өмүрбек Бакиров дагы көтөрүп чыгып, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Баш мыйзамдын 29 беренесинин 2 пункту.

«Эч ким инсандын абийрине жана ар намысына доо кетирген жана кемсинткен маалыматтарды таркаткандыгы үчүн жазык куугунтугуна алынышы мүмкүн эмес.»

«Биз уят деп эл жерди сатканды, коррупцияга аралашканды, мамлекетке чыккынчылык кылганды, мамлектти млндогон акчага карызга батыргандарды айтышыбыз керек. Элдин арасында жүрө албай турган кылып коюшубуз керек. Бүгүн, болбогон бир сөздүн бир тамгасы үчүн, бөйрөктөн шыйрык чыгаруу уятка жатпайт«, — дейт.

Эске салсак, мурдараак ал «Хюмен» уюмунун атын, «хуйман» деп айтып алып талкууга түшкөн болчу.

Деген менен Баш мыйзамды өзгөртүп, фейктерди тизгиндөө демилгесин колдобогон депуттар да болду. Бурул Аманова фейктерди тизгиндейбиз деп, соз эркиндигин чектеп албайлы деген кооптонуусун айтты.

«Ооба мени деле сындашат, келбетиме асылганга чейин барышат. Бирок, коллегалар биз элдин жүгүн көтөрүү үчүн келгенбиз. Анан алардын оозун тыйып коюу канчалык туура болот?» -деди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

767