Кыргызстанда кумшекер жана өсүмдүк майын кымбат баада саткан 23 факты аныкталды. Бул тууралуу Монополияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө ички рынокто баалардын кескин өсүшү кумшекер, өсүмдүк майы, жумуртка жана сабизде байкалууда.
“Өсүмдүк майы жана кумшекерди жөнгө салуу боюнча министрлер кабинетинин токтому чыккан. Учурда аталган эки азыкка тийиштүү соода үстөктөрүн белгилегенбиз: Чүй, Бишкек, Ысык-Көл, Талас, Нарында 10%, Баткен, Ош жана Жалал-Абад обулсунда 13%дык үстөк менен көзөмөл иш-чараларын жүргүзүүдөбүз. Өлкө боюнча жалпы 313 объектте 48 текшерүүлөр болуп, үстөктөн ашкан 23 факты аныкталды”, — дейт ал.
Белгилей кетсек, Тайлаков ЕАЭБ өлкөрүндөгү бааларга аналитикалык изилдөө иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.