7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өттү (ФОТО)

573

Бүгүн, 29-майда, Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КРнын президенти – Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров катышты.

Мамлекет башчысы тематикалык сүрөт көргөзмөсүн жана ок атуучу куралдардын, инженердик жабдуулардын жана радиостанциялардын көргөзмөсүн кыдырып чыкты.

Ошондой эле, өз сөзүндө Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин мааракелик дата менен куттуктап, эгемендүүлүк жылдарында армиянын жетишкендиктерин белгилеп, ошондой эле өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн стратегиялык өнүктүрүү боюнча пландарды белгиледи.

Мындан тышкары, кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы, үлгүлүү аскердик тартиби, күжүрмөн даярдыктагы мыкты көрсөткүчтөрү үчүн, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн 30 жылдыгына карата Президенттин атынан төмөнкү аскер кызматкерлерине ыраазычылык билдирилди:

— полковник Мурат Оторовго;

— подполковник Эрмек Асановго;

— капитан Бакытбек уулу Нурсейитке;

— капитан Кубатбек уулу Бексултанга;

— ага лейтенант Адылбек Кочкоровго.

Иш-чара ата мекендик эстрада артисттеринин майрамдык концерти менен жыйынтыкталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

574