7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте кургак сүтү мыйзамсыз жасап сатуу менен алектенген кылмыштуу топ аныкталды

392

Бишкекте «ФРИМА» кургак сүтүн мыйзамсыз жасап сатуу менен алектенген кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 25-январда жасалма кургак сүт өндүрүп жаткан жашыруун цех табылган.

«Борбордун базарларынын биринин аймагында, жогорудагы азык-түлүк продуктулары санитардык эреже сакталбаган шартта жасалган цех табылды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери, ошондой эле республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

393