7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын ишкерлери жолукту

210

«Түркия-Кыргызстан ишкерлери, Маданият, Тилектештик жана Достук» Коомдук бирикмеси 27-майда Бишкекте Новотелде Түркия-Кыргызстан ишкерлеринин, маданият, ынтымак жана достук ассоциациясы (ТУКИД) тарабынан Инвесторлор үчүн кепилдиктер жана стимулдар темасында таңкы иш тамагы уюштурулду.

Иш-чарага Түркиянын Кыргызстандагы Толук жана Атайын ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем мырза, Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин Инвестицияларды тартуу жана аймактарды өнүктүрүү башкармалыктын башчысы Разаков Сухраб Сулейманович, Министрлер Кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңештин башкы юридикалык адиси Самаков Бакытбек Таалайбекович, Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин укуктук камсыздоо, инвесторлорду коргоо жана арызданууларды кароо бөлүмүнүн башчысы Кийизбаева Жазгүл Ильичевна, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун мүдүрү Анарбекин Нурбек, Түркиянын көз карандысыз өнөр жайчылар жана ишкерлер ассоциациясынын (МУСИАД) өкүлдөрү жана Түркия-Кыргызстан ишкерлеринин, маданият, ынтымак жана достук коомдук бирикмесине (ТУКИД) мүчө ишкерлер катышты.

Жолугушууда Сухраб Разаков менен Жазгүл Кийизбаева түрк ишкерлерине презентация тартуулап, Кыргызстандагы иш чөйрөсү тууралуу маалымат беришти. Элчи Мекин Мустафа Кемал Өкем кыргыз бийлигинин өкүлдөрүнө баалуу маалыматтары үчүн ыраазычылык билдирип, түрк ишкерлери Кыргызстандын ар кайсы тармагында инвестицияны көбөйтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Тараптар кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн өз ара диалогду арттырууга боюнча макулдашышты.

211