7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы баш кеңсеси ачылды

571

27-августта Бишкек шаарында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жаңы баш кеңсеси ачылды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылышка президенттин кеңешчиси Медетбек Букуев, Жогорку Кеңештин депутаттары, ДИМК төрагасы Тойгонбай Абдыкаров, азирети муфтий Замир кары Ракиев баштаган муфтият аппараты, казылар, райондордун баш имам-хатибдери, ДОЖ мүдүрлөрү, «Исмаил Матраимов» атындагы коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчилиги, мекеме-ишкана директорлору, дин аалымдары, диний ишмерлер, ар кайсы фонд өкүлдөрү жана шаардыктар катышты.

Ошондой эле ардактуу конок катары чакырылган Россия Муфтийлер кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Дамир Мухетдинов, Өзбекстан мусулмандарынын башкармалыгынын жетекчиси Нуриддин ажы Калыкназаров баштаган өзбекстандык диний кызматкерлер жана Казакстан мусулмандарынын баш муфтийи Ноорузбай ажы Таган уулу башында турган казакстандык диний делегация аземге күбө болду.

Аземдин жүрүшүндө Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган бир катар диний кызматкерлер президенттин жана министрлер кабинетинин төрагасынын Алкыш баракчалары менен сыйланды.

Сыйлык тапшыруунун экинчи бөлүгүндө Россия Муфтийлер кеңешинин төрагасынын биринчи орун басарына, Өзбекстан мусулмандарынын башкармалыгынын жетекчисине жана Казакстан мусулмандарынын баш муфтийине КМДБнын жогорку даражалуу «Ынтымак» медалы ыйгарылды.

Аны менен катар ислам динине, анын салттуу көөнө баалуулуктарынын жайылышына, мамлекет бүтүндүгүнө, эл биримдигине, мекен тынчтыгына, ошондой эле КМДБнын өнүгүшүнө жакындан салым кошкон инсандарга Муфтият тарабынан жогорку даражалуу орден-медалдар тапшырылды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

572