7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте кыздарды сойкулукка мажбурлаган шектүүлөр кармалды

463

Бишкекте жашы жете элек кыздарды кыйнап, коркутуп, сойкулукка мажбурлаган деп эки аял кармалды. Бул тууралуу ШИИББден билдирди.

24-сентябрда милицияга Абдымомунов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде белгисиз адамдар жашы жете элек кыздарды кыйнап, сексуалдык кызмат көрсөтүүгө мажбурлап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Сойкулукка тартуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Анын алкагында 19 жаштагы А.А. жана 29 жаштагы Х.Ж. кармалып, экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш ишин тергөө уланууда.

464