7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте кыздын 100 миң сомго жакын акчасын тартып алган жаран кармалды

648

Бишкекте кызга күч колдонуп, 98 миң сомун тартып алган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-декабрда милицияга кыз киши белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 14:00 чамасында Астраханская көчөсүнүн үйлөрүнүн биринин жанынан күч колдонуп кол кабын тартып алган, анын ичинде 98 миң 500 сом акча каражаты жана 10 миң 800 сом турган Redmi маркасындагы уюлдук телефону болгон. Шектүү тартып алгандан соң белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факты боюнча тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды.

 

 

 

 

 

649