7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте маршруткада кыз 90 миң сомдук телефонун уурдатып койгон

423

Бишкекте коомдук транспортто чөнтөк уурулук кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-мартта Ленин РИИБге жаран кайрылып, ошол эле күнү күнү саат 19:30 чамасында Манас проспектиси менен бара жаткан кичи автобустардын биринде 90 миң сомдук Айфон 13 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун чөнтөгүнөн уурдап, андан соң белгисиз тарапка качып кетишкен белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган.

Аталган факты Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголду.

Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн мурда бир нече жолу соттолгон 1993-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган.

Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого тиешеси бар экени такталып жатат.

 

 

424