7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы жана орун басары кызматтан алынды. Себеби?

357

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы жана орун басары кызматтан алынды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдирди.

4-март күнү Кочкор-Ата шаарында менчик күзөт кызматынын кызматкерине 6 жаран таш, кыш, таяктарды курал катары колдонуп, зомбулук көрсөткөндүгү, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган арыз түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишине шектүү катары 1984-жылы туулган Ноокен районунун тургуну бир нече жолу тергөөгө чакырылып, бирок ал келбей жүргөн. 27-март күнү Кочкор-Ата шаарында кылмыш ишине шектелген жарандардын бири милиция тарабынан кармалган. Кармоо учурунда кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын баш ийбегендиктен кара күч колдонулган. Ошол учурда шектүүнүн 2006-жылы туулган баласы окуяга аралашып, кызматкерлерди тээп жиберген.

«ИИМде өткөрүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен министрликтин буйругу чыкты. Ал буйрукта Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын Тартиптик уставынын талаптарын бузгандыктары, кол алдындагы кызматкерлердин арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүктөрү, бейбаштык фактысы менен козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамдуу аракеттерди жүргүзбөгөндүктөрү, шектүү же айыпкер катары аныктала элек жарандарды кармоодо милиция кызматкерлери коомдук жайда эскертүүсүз күч колдонуп Жалал- Абад облусунун жашоочусун кармап жаткан факт боюнча видеотасмалар интернетте тарап, коомчулук тарабынан талкууга алынып, милиция кызматкерлеринин абройуна шек келтиргендиктери үчүн Жалал Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Жеңиш Абитов жана анын орун басары, милициянын полковниги Ильяс Касымбаев ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Ошондой эле ушул буйрук менен Жалал-ОИИБдин 13 жетекчи кызматкерине тартип жазалар берилди»,-деп берилет маалыматта.

358