7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жети-Өгүз районунда курал-жарак сакталган жай табылды

357

УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө таандык курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүдөн алуу боюнча активдүү иш-чараларды улантууда.

30-мартта Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы эски сүт-товар фермасынын аймагынан курал жарак сакталган жашыруун жер аныкталып, андан “РГД-5” үлгүсүндөгү 2 кол гранатасы, 2 даана чет өлкөлүк жарык-үн чыгаруучу граната, 4 түтүн бомбасы, 7,62х54 калибрдеги снайпердик курал үчүн 16 патрон жана 5,45х39 калибрдеги Калашников автоматы үчүн 42 патрон табылган.

Мындан улам, аталган факты боюнча курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу  боюнча иликтөө иштери башталды.

 

 

 

358