Москвадагы «Крокус сити холлдо» 100дөн ашык адамдын өмүрүн сактап калган Ислам Халилов Орусиянын университетине окууга грант алды. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазды.
“Ислам Халилов эң жогорку мааниде достукту көрсөттү. Эгер сен тааныбаган адамдар үчүн жаныңды берүүгө даяр болсоң, бул адамдыктын туу чокусу”, — деди Кыргызстандын Орусиядагы элчиси.
Эске салсак, буга чейин Ислам Халиловго Орусиянын мусулмандар диний башкармалыгын башчысы Равиль Гайнутдин медаль тапшырган.
Мындан тышкары, Моргенштерн Исламга 1 млн рубль акча которгон.