7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте мас абалындагы “Желмаяндын” айдоочусу сүзгөн жүргүнчү комада жатат

2

Бишкекте мас абалындагы айдоочу “Желмаян” менен сүзгөн жүргүнчү комада жатат. Бул тууралуу МККБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 2026-жылдын 2-март күнү болжол менен саат 20:40 чамасында Асаналиев көчөсүндө болгон. “Желмаяндын” айдоочусу 1986-жылы туулган М.М.С. аттуу жаран 1978-жылы туулган О.М. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан соң окуя болгон жерден качып кеткен.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында айдоочу аныкталып, кийинки күнү МККБнын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалды.

Ал эми жөө жүргүнчү О.М. алган оор жаракаттарынан улам учурда кома абалында жатат. Айдоочу мындан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

 

3