7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте менчиктештирилип кеткен 11 гектар жер мамлекетке кайтарылды

132
УКМК Улуттук Илимдер академиясына тиешелүү болуп, мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жер тилкесин мамлекетке кайтарды.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы Дорожная көчөсүндө жайгашкан 11,2 гектар жер мыйзамсыз түрдө жеке жана муниципалдык менчикке өтүп кеткен.
1997-жылы Бишкек шаардык мэриясынын токтому менен Кара-Жыгач токоюнун түндүк бөлүгүнөн 11,2 гектар жер Улуттук Илимдер академиясына караштуу Токой чарбасы жана жаңгак өстүрүү институтуна илимий иштер үчүн берилген. Бирок бул жер ар кандай себептерден улам мамлекеттик каттоодон өтпөй калган. Анын айынан айрым кызмат адамдары жер тилкесин бир нече бөлүккө бөлүп, мыйзамсыз сатып жиберүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.
Бул факт боюнча «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тиешелүү каттоо иштеринен кийин, аталган жер тилкеси толугу менен мамлекеттин балансына кайтарылды. Учурда тергөө иштери уланууда.

133