7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте мэрия, ШИИБ жана «MegaCom» меморандумга кол койду

559

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкек шаардык мэриясы Бишкек ШИИБи жана «Альфа Телеком»  меморандумга кол коюшту.  Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар видео көзөмөл системаларын орнотуу жана инфраструктура объектилерин модернизациялоо, анын ичинде борбор калаадагы көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча долбоорду ишке ашырууну максат кылышты. Бул демилге Бишкек шаарындагы кылмыштуулуктун өсүүсүн төмөндөтүп, ошондой эле шаардыктардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздайт.

Муну менен катар Бишкек мэриясы жана ШИИББи уюштуруу иштерине жоопкерчилик алып, инфраструктура үчүн көп функционалдуу объектилерди орнотуучу орундарды аныктоо иштери менен алектенишет. MegaCom компаниясы өз кезегинде, объектилерди орнотуу жана тургузуу, видеокөзөмөл системаларын байланыш менен камсыздоо, ошондой эле жабдуулардын андан аркы эксплуатациясын көзөмөлдөө иштерине жардам көрсөтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

560