Кадамжайда дайынсыз жоголгон 21 жаштагы тургундун сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-сентябрда Кадамжай шаарынын тургуну 2000-ж.т. Д уулу Ө. аттуу эркек бала үйүнөн чыгып, тоо тарапка кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
“7-сентябрдан бүгүнкү күнгө чейин ӨКМнин куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлуп, натыйжа болгон эмес. Бүгүн издөө иштерин жүргүзүү учурунда жогоруда аталган жарандын жансыз денесин Кадамжай шаарынын четинен агып өткөн Нургазиев каналынан ИИМ кызматкерлери тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди”, — деп жазылат маалыматта.