Бишкек шаарынын мэринин орун басары Максатбек Сазыкулов жана Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаковдун катышуусунда жаңы муниципалдык мончонун курулушуна тоскоолдук жараткан имараттарды демонтаждоо иштери жүрүп жатат.
Курулуштарды бузуу иштерин жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын, акимчиликтин жана “Тазалыктын” кызматкерлери жүргүзүүдө.
Объекттин жалпы аянты 70 чарчы метрди түзөт.
Мэрия бул жердин эсине башка жер тилкесин бөлүп берген. Бул иштер өз ара макулдашуулардан кийин жүрүүдө.