25-26-октябрь күндөрү Бишкекте жана Сокулуктагы билим берүүчү жайлар онлайн окууга өтөт. Бул борбор калаада өтө турчу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына байланыштуу.
“Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун мектепке чейинки, мектептик, башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери 25-26-октябрда сабактарды онлайн уюштурууну камсыз кылуусу керек”, — деди Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүүчү жайлардын саясаты боюнча бөлүмдүн башчысы Нурзида Касымова маалымат жыйында.