Бишкекте “Чыгыш-5” кичирайонунда Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин салтанаттуу ачылышы болду.

Маалыматка ылайык, спорттук мектептин ачылышына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев, Р.Санатбаевдин жакындары, шаардык кызматтар жана кичирайондун жашоочулары катышты.

“Биз борбордо гана эмес, аймактарда дагы ушул сыяктуу мектептерди көбурөөк курууга аракет кылабыз. Бүгүнкү күндө өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири, ушуга байланыштуу аны өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды тузүшүбүз керек”, — деди мамлекеттик катчы.

«Бул спорттук комплексте шаардыктар гана эмес аймактардан келген спортчулар дагы машыга алат жана эркек, кыздар залы каралган”, — деди Бишкек мэри Айбек Жунушалиев.

Мэр жаңы спорт комплексинин коммуналдык чыгымдарын Бишкек мэриясы каржылай турганын белгиледи.

Эскерте кетсек, спорттук мектептин курулуш иштери 2018-жылы башталган, имарат көп жылдардан бери биринчи жолу ачылып жаткан чоң спорттук имарат болуп саналат.