2021-жылдын 26-27-ноябрында түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул күндөрү өлкөнүн айрым аймактарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаап, кээ бир райондордо катуу жаан-чачын жайт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болушу ыктымал. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетип, абанын температурасы кескин төмөндөйт.
26-27-ноябрларда:
-Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9° суук,
-Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°,
-Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° жылуу;
27-28-ноябрларда:
-Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°
-Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°, тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.