7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Раймалы менен Бегимай» этномюзикли тартууланат

332

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча даярдалган “Раймалы менен Бегимай” мюзиклинин бет ачары улуттук филармонияда 22-февралда башталып, 24-28-февралга чейин уланат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. 

Аталган чыгарма аркылуу улуу өнөр касиети менен бирге кыргыз элинин дүйнө таанымын, маданий баалуулугун, каада-салтын, тилин коомго кеңири таанытып жана таалим-тарбия иретинде жаштар арасында жайылтуу максаты коюлган.

Мюзиклде бири-бирин чын дилинен сүйгөн ашыктар Раймалы менен Бегимайга болгон элдин сүймөнчүлугүнө карабастан, залимдиги башынан ашкан бир ууч түркөй коомдун курмандыгы болгон татаал тагдыры чагылдырылган.

Долбоордун автору жана жетекчиси КР эл артисти Кыргызбай Осмонов, либреттосун КР эл акыны Аалы Туткучев жазган. Режиссеру — Айнура Качкынбек кызы.

Бул легенда Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романында баяндалган. Жазуучу экинчи уламышта Раймалы менен он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек Бегимайдын махабатын берген. Автор легенда аркылуу адам баласына бир келүүчү сүйүү сезими карылыгына карабай Раймалынын, жаштыгына карабай Бегимайдын бирдей эле деңгээлде жан дүйнөлөрүн ээлеп алганын көрсөткүсү келген.

333