7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Royal Central Park комплексинин курулушуна мезгил кутучасы салынды

298

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкектеги Royal Central Park комплексинин курулушуна мезгил кутучасы салынды.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, инвесторлор, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ишкерлер жана чет элдик коноктор да катышты.

Royal Central Park комплекси мурдагы «Ак-Кула» ат майданынын ордуна жайгашат.

Көп функционалдуу ири турак жай комплексинин жалпы аянты 53,5 гектарды түзөт. Мында 23 миң батир, кеңселер жайгаша турган 55 кабаттуу мунара, аянты 45 миң чарчы метрди түзгөн соода борбору, 3 мектеп, 3 бала бакча, оорукана жана 25 миң орунга ылайыкталган унаа токтоочу жай курулат.

Ошондой эле жалпы аянты 11 гектарды ээлеген сейил бак жана жасалма көл орун алмакчы. RCA Living бул долбоорун ишке ашыруу үчүн 2,5 млрд доллардан 3,5 млрд долларга чейин инвестиция салат. Royal Central Park комплексинде миңдей жумуш оруну пайда болот.

Комплекстин курулушуна мезгил кутучасын салуу иш-чарасында президент Садыр Жапаров 60 миң адамдын жашай турганына ылайыкталган комплекс борбор калаанын өнүгүүсүнө чоң салым кошорун айтты.

«Шаарыбыз барган сайын жаңыланууда. Көптөгөн инфратүзүмдүк объекттер пайда болуп, соода жана тейлөө чөйрөсү кулачын жайып, жолдорубуз оңдолууда. Бүгүн мына ушундай жакшы саамалыктардын бири өлкөбүздүн жүрөгү болгон Бишкек шаарын жакшыртуу аркылуу келечек муунга өнүккөн шаар калтыралы деген чоң үмүт, тилек менен Royal Central Park көп функционалдуу комплексине мезгил кутучасын салуу үчүн чогулуп отурабыз. Шаар сыртына көчүрүлгөн мурдагы «Ак-Кула» ат майданынын ордуна турак жайлар, социалдык объектилер, бизнес борборлору, парк аймактарын камтыган комплекс курулат. Өткөн жылы министрлер кабинети чет өлкөлүк инвестициялык компания менен Бишкек шаарынын аймагына шаарча комплексин куруу долбоору тууралуу макулдашууга кол койгон. Мына бүгүн 3 миллиард АКШ долларына бааланган инвестициялык долбоорду ишке ашырууга бел байлап отурабыз. Долбоор ишке ашканда Бишкек шаарынын инфратүзүмү жакшырып, шаардыктардын жашоо, турмуш деңгээли жогорулап, борбор калаанын өнүгүүсүнө чоң салым болуп эсептелет», — деп белгиледи өлкө башчысы.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

299