7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Садыр Жапаровдун катышуусунда IT-хаб технопаркы ачылды

345

Бүгүн Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкөнүн биринчи IT-хаб технопаркынын ачылышы аземи өттү.

Аземге санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, ишкерлер, IT компаниялардын өкүлдөрү жана технопарктын резиденттери катышты.

Президент өз сөзүндө белгилегендей, ачылып жаткан IT-хаб жөн гана мекеме же кеңселер борбору эмес, келечектүү жаңы технологиялардын мейкиндиги болмокчу.

“Тагыраагы, бүгүн биз өлкөбүздүн өркүндөп өсүүсүнө өбөлгө боло турган технопарк IT-хабынын тушоосун кесип, байсалдуу сапарга аттанып жатабыз. Өз мезгилинде бул жерде республикабыздын экономикасына чоң салым кошкон фабрика иштеп турган. Арадан жылдар өтүп, доор алмашып мына бүгүн ушундай замандын талабына ылайык, демилгелүү иштин көзүн тапкан, алдыга кадам жасай билген ишкерлердин жөндөмдүүлүгү жана мамлекеттин колдоосу менен бул жай жаңы багытка кадам таштады. Заманбап IT-хаб баарыбызга ак жолтой болсун. Бүгүнкү жакшы саамалык менен баарыңыздарды куттуктайм”, — деди ал.

Белгилей кетсек, IT-хабдын биринчи этабы 2023-жылы ишке кирген. Учурда IT-хабда 3 миңден ашуун жумуш оруну түзүлүп, мекеме 250 компания-резидент, 115 кеңсе жана 344 “Оpen space” форматындагы кеңселер менен камсыздалган.

346