7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн чек ара кызматтарынын жетекчилеринин отуруму өтүүдө

282

Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын чек ара кызматтарынын жетекчилеринин 11-жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлады.

Иш-чарага Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин, ошондой эле КМШнын тиешелүү өнөктөш түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышууда.

Делегациялардын башчыларын УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев тосуп алды.

Күн тартибинде ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик чек араларындагы кырдаалды талкуулоо, «Тилектештик – 2024» биргелешкен чек ара операциясынын жыйынтыктары, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын чек ара кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү боюнча чаралар талкууланды.

Отурумду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ачты. Ал иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, ШКУ Евразия аймагында коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоодо натыйжалуу уюм экенин баса белгиледи.

Ал ШКУга мүчө-мамлекеттердин чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин чек ара коопсуздугун камсыздоо боюнча бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгууга багытталган иштерин өзгөчө баса белгилеп өттү.

283