7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте спирт ичимдиктерин жашыруун чыгарган цехтердин иши токтотулду

630

Бишкекте спирт ичимдиктерин чыгаруучу жашыруун цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы даректер боюнча, ошондой эле Ош базарындагы «Берекет универсал» соода түйүндөрүндөгү тинтүүнүн натыйжасында ар кандай көлөмдөгү 3 миң 350 литрди түзгөн 16 миң 900 бөтөлкө жасалма алкоголдук ичимдиктер (арак, коньяк, виски жана текила) табылды. Ошондой эле, 350 литр этил спирти, 2000ден ашык жасалма акциздик маркалар, этикеткалар, контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди чыгаруучу машиналар, спиртти өндүрүү үчүн колдонулган атайын түзүлүштөр жана башка компоненттер табылган.

Курамында спирт бар продукциялар санитардык-техникалык жана медициналык нормаларды сактабастан, колго жасоо ыкмасы менен өндүрүлгөн. Бул керектөөчүлөрдүн ден соолугуна зыян келтирет, ошондой эле республиканын генофондуна коркунуч келтирет.

Мындан тышкары, бул продукцияларды өндүрүү жана сатуу тиешелүү акциздик жана салыктык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу түрүндө экономикага олуттуу зыян келтирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

631