7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте таксисттин акча жана чөнтөк телефонун уурдаган шектүү кармалды

319

Бишкекте акча жана чөнтөк телефон уурдаган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 5-январь күнү болжол менен саат 06:25 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Кызыл-Аскердеги кичи маркеттердин биринде токтоп турган унаадан чөнтөк телефон жана акча уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1998-жылы туулган У.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси такси кызматында иштеп жүрүп, өзүнүн кардары кичи маркеттердин биринен суу алып берүүнү өтүнгөн. Таксист кичи маркеттен суу алып чыкканча, кардары унаадагы чөнтөк телефонун жана 1500 өлчөмүндөгү акчасын алып, башка унаа менен белгисиз тарапка качып кеткен. Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары М.М. аттуу жаранды кармашып, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

320