7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте уурдалган 21 жаштагы кыз табылды

780

Бишкек шаарында 21 жаштагы  кыздын уурдалышы боюнча иш териштирилип жатат.Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 24-июлда саат 00:08де 102 кызматына Эркиндик Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен кызды ала качып кетишкени боюнча маалымат түшкөн. Анда күмүш түстөгү “Subaru Impreza” унаасынан кыз кыйкырып, жардам сураганы маалымдалган.

“Аталган факт каттоого алынган. Издөө иштеринин жүрүшүндө оперативдүү кызматкерлер тарабынан “Subaru” үлгүсүндөгү 600 унаа, жүздөгөн видеокамералар текшерилип, күбөлөр суралып, айдоочунун жүргөн жери аныкталган. Ал 22 жаштагы Н.М., жана жардам сураган кыз 21 жаштагы Б.Б., экендиги аныкталган. Экөө тергөө кызматына жеткирилген. Териштирүү учурунда кыз жумуштан кийин Н.М., аттуу жигити менен жолугуп, Эркиндик бульварына келгенин жана ошол жерде урушуп кетишкенин айткан. Окуя боюнча эмне үчүн милицияга кайрылган жоксуңар деген суроого алар ЖМКларга жарыяланып кеткенден кийин алар милицияга баруудан коркушканын жана бул окуя бат эле унутулуп калат деп ойлошконун айтышкан. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн териштирүү иштери уланып жатат”, — деп билдиришти милициядан.

Буга чейин Бишкек шаарынын Эркиндик Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен кызды ала качып кетишкени боюнча видео социалдык тармактарга  тараган болчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

781