7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

13 жашар кыздын зордукталышы. Жарандык активисттер митингге чыгышты

858

Бүгүн,  13 жашар кыздын колдон колго өтүп зордукталган окуясы боюнча жарандык активисттер Ички иштер министрлигинин алдына митингге чыгышты.

Митингге чыккандардын бири, жарандык активист Гүлшайыр Абдирасулова төмөнкүлөргө токтолду:

«13 жашар кызды атасы менен тең адамдар, арасында жашы жете элек балдар менен иштеген милиция кызматкери да бар колдон колго өткөрүп зордуктоосу бул Кыргызстан үчүн өтө жаман нерсе. Милициядан коргоону күтсөк, алар кайра кордоп жатышат. Ички иштер министри өзүнө жакшы кадр ала албайбы, зордук-зомбулуктарды иретке келтире албайбы, анда жумуштан кетиши керек».

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында секелек кыздын апасы  милицияга кайрылып, арыз жазган. Ал өз арызында анын 2008-жылы туулган кызын Кулиев көчөсүндөгү үйдө 16-февралда саат 21:00 чамасында зордуктаган жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон.

Бул иш Свердлов райондук сотуна өткөнү маалым болду. Алдын ала маалыматтар боюнча соттук иш бүгүн, 5-июлга белгиленген. Бирок иште төрагалык кылган судьянын Кыргыз Республикасынын акыйкатуулук боюнча кеңешинин отурумуна катышкандыктан, соттук отурум 8-июлга саат 15:00гө жылдырылды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

859