7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте уюлдук телефон жана акча уурдоого шектүү жаран кармалды

467

Уюлдук телефон жана акча уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-мартта саат 22:20 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына “Некрасов жана Бөкөнбай көчөлөрүнүн кесилишинен маршурттук таксинин ичинен уюлдук телефонумду жана акчамды уурдап кетишти” деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1989-жылы туулган С.Ж. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү ошол эле даректен болжол менен саат 22:00 чамасында жүргүнчү ташыган маршруттук унаанын ичинен белгисиз жаран арыз ээсинин 11 000 сом турган “Редми-7” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 10 миң 000 сом өлчөмүндө акчасын жашыруун уурдап кеткен.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган С.А. аттуу жаранды кармашып, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБгы тарбынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 200-берененин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

468