7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте вебкам-студияда иштеп жаткан кылмыштуу топ кармалды

331

Бишкекте вебкам-студияларынын тармагын уюштурган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан интернет аркылуу сойкулукту жана бузукулукту уюштуруу (вемкам-студия) жана ага көмөктөшүү боюнча Ч.у.Э., Н.А.К., Р.Б.Р. жана А.к.Ш. аттуу жарандар кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылды, алар Бишкек шаарында вебкам-студияларынын тармагын уюштуруп, иштөөсүн камсыз кылган.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү өздөрүнүн мыйзамсыз иштерин жашыруу максатында Бишкек шаарынын ар кайсы аймактарынан батирлерди ижарага алып келишкени аныкталган. Аталган аймактарда ыкчам тинтүү иштери жүргүзүлүп, алардан веб-камералар, жарык берүүчү жабдуулар, компьютердик жабдуулар жана башка техникалык жабдуулар, эротикалык кийимдер жана атрибуттар, ошондой эле сексуалдык мүнөздөгү ачык-айкын онлайн көрсөтүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган оюнчуктар табылып, алынган.

Белгилей кетсек, веб-камерага моделдерди кабыл алуу социалдык тармактарда жарнама аркылуу ишке ашырылган. А.С.Н., С.А.С., Т.М.М., А.А.А., М.А.А., Т.М.У аттуу вебкам моделдерине карата административдик чаралар көрүлгөн.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

332