Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти “Велосипед бөлүшүү – эс алуунун жакшы жолу” пилоттук долбоорун баштайт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул долбоор Бишкек шаарында унаа тыгындарын азайтууга жана шаар тургундары арасында дени сак жашоо образын жайылтууга багытталган.
Июлдун башында велосипед, самокат, электросамокаттарды мобилдик тиркеме аркылуу ижарага алууга мүмкүн болот. Борбор калаанын мэриясынын тапшырмасы менен 80 экологиялык таза транспортту ижарага берүү пункттары уюштурулат.