7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте өзүнөн 3 жаш улуу кызды ала качкан жаран кармалды

4829

Бишкек шаарында никеге туруу максатында адам уурдоого шектелген жаран аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-апрелде болжол менен саат 23:40 чамасында 102 кызматына эркине каршы кызды ала качып кетишкен деген маалымат келип түшкөн.

«Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1996-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсин эркине каршы чала тааныш жаран достору менен Ысык-Көлдөн никеге туруу максатында Бишкек шаарына ала качып келгенин жазган.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган жаран кармалып, Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул факты боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды», — деп жазылат билдирүүдө.

 

Булак:Super.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4830