7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте өзгөчө эстелик пайда болду (ФОТО)

512

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын 146 жылдыгы белгиленип жатат. «Ынтымак» сейил багында «Ы тамгасы» арт-объектисинин ачылышы болду. Бул тууралуу мэрия билдирет.

Арт-объект QR -код менен жабдылып, «Ынтымак» паркына келген коноктор Кыргызстан жөнүндө негизги маалыматтарды: географиялык маалыматты, өлкөнүн жана анын элинин кыскача тарыхын, орусча-кыргызча сөздүктү ала алышат. Маалымат эки тилде мамлекеттик кыргыз жана расмий орус тилдеринде жарыяланат.

Белгилей кетсек, белгилүү советтик лингвист К.К. Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүндө «Ы» тамгасы менен башталган 800дөн ашык сөздүн котормолору жана чечмелөөлөрү берилген.

Бишкекте «Ы тамгасы» арт-объектисин орнотуу идеясы «Россиялык гезитке» таандык, анын өкүлчүлүгү Кыргызстанда 2002-жылдын май айынан бери иштеп келет. Бишкек шаарынын мэриясы долбоорду колдоду. Монумент Екатеринбург шаарында «Дубровин» куюу үйүндө даярдалган. Арт-объекттин скульптору Республикадагы белгилүү сүрөтчү Адил Сейталиев.

513