7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жүзүн таануу камерасы аркылуу издөөдө жүргөн жаран кармалды

379

Бишкекте жүзүн таануу видеокамеранын жардамы менен издөөдө жүргөн жаран кармалды. бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-февралында милиция кызматкерлери тарабынан Ош базарынын аймагынан мурда КР Кылмыш-жаза кодексинин «Ден-соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен издөөдө жүргөн 1986-жылы туулган Чүй облусунун тургуну Р.Р. аттуу жаран кармалган.

Издөөдө жүргөн адам жүзүн таануу системасы камтылып, коомдук жайларда орнотулган видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалган.

Ошентип, 2023-жылдын 21-ноябрь күнү болжол менен саат 00:13 чамасында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын Фирсов көчөсүндө белгисиз жаран «эркек кишиге бычак сайып», андан кийин белгисиз тарапка качып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Белгилей кетсек, аталган жаранга Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден-соолукка оор залал келтирүү») менен козголгон кылмыш иши боюнча издөө жарыяланган.

380