7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жаңы 23 жол чырак орнотулду

744

18 транспорттук жана 5 жөө адамдар үчүн жаңы жол чырак объектилери орнотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 15 транспорттук жана 3 жөө адамдар үчүн светофор объектиси тесттик режимде иштеп жатат. Дагы 3 транспорттук жана 2 жөө жүргүнчүлөр үчүн светофор ишке киргизилүүдө.

Быйылкы жылдын титулдук тизмеси боюнча 20 объектинин долбоордук-сметалык документтерин даярдоо пландалууда. Бирок, алар келерки жылы курулат.

Шаардын көчөлөрүндө транспорт үчүн 33 светофор жана 10 жөө жүргүнчүлөр үчүн светофор пайда болот, алар негизинен мектептердин, бала бакчалардын жанында жана эл көп жүргөн жерлерде орнотулат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында жаңы жол чырактар жол кыймылын жөнөкөйлөтүү, коопсуздукту жакшыртуу, жолдогу абалды жакшыртуу жана кырсыктардын санын азайтуу максатында орнотулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

745